Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Кыргызстан Кытайга көңүл айтты


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Үрүмчүдөгү терактка байланыштуу Кытайдын жетекчилигине жана элине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө жетекчилеринин маалымат кызматтарынан кабарлашты.

Кечээ Кытайдын Үрүмчү шаарынын базарындагы кол салуудан бери дегенде 31 киши каза таап, 90го жакын адам жарадар болгон. Анда белгисиз адамдар эки унааны эл топтолгон жерге айдап, терезелеринен жардыргыч заттарды ыргытышкан. Шиңжаң автономиялуу аймагынын өкмөтү окуяга “олуттуу, өтө ырайымсыз террордук иш-аракет” деп баа берген болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG