Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Бишкекте бадахшандыктар акция өткөрөт


24-майда Бишкектеги Тажик элчилигинин алдында Тоолуу Бадахшандан келгендер нааразылык акциясын өткөрөт.

Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Марат Мамадшо кабарлады. Анын айтымында, акцияга чыккандар 21-майда Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы окуяга байланыштуу тажик бийликтерине нааразылыгын билдирет. Мамадшо Хорогдогу окуялар аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн өз убагында чечилбегенинен чыгып жатат деп эсептейт. Ошондуктан, акция жүрүшүндө Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды тапшырмакчы.

21-майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы башаламандыктан 3 адам каза болуп, 5 адам жараат алган эле. Анда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, облустук соттун жана милициянын имараты өрттөлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG