Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Батукаевди качыргандарды жоопко тартуу создугууда


Азис Батукаев абакта отурган кезде тартылган сүрөт.
Азис Батукаев абакта отурган кезде тартылган сүрөт.

Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш козголгону менен ага тиешеси бар кызмат адамдары жоопко тартыла элек.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге өлкө ичинде издөө жарыялады. Депутаттык иликтөө тобу Батукаевди бошотууга катышы бар деп тапкан 27 аткаминердин саясий жоопкерчилигин кароо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия тогуз айдан бери ишин жыйынтыктай элек. Анын себебин комиссия төрагасы, биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн материалдарга жооп келбей жатканы менен байланыштырды.

Качырып жиберип, кайра издемей саясат

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушун тааныды. Муну менен учурундагы тиешелүү бийлик органдарынын биргелешкен кемчилиги катары карап, жазаларды аткаруу кызматынын жаңы жетекчилиги Батукаевге издөө жарыялады. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова буга Нарын шаардык сотунун Батукаев боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарганы негиз болгонун белгиледи:

- Нарын шаардык соту чечимин жокко чыгарды. Ошондо Батукаев оорусу боюнча эмес жөн эле абактан чыккандай болуп калат да. Ошон үчүн бул жагдайды эске алуу менен Батукаев мыйзамсыз абак жайынан бошонгон деген жүйө менен ага издөө жарыяланды. Бирок биздин кызмат ага өлкө ичинде гана издөө жарыялоого укугу бар. Эл аралык издөөнү ИИМ жана Башкы прокуратура жарыялайт.

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун аталган чечимине чейин Батукаев боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланышкан факты боюнча гана кылмыш ишин козгогон. Анда криматалыктын мыйзамсыз бошотулушуна негиз болгон медициналык корутундунун чын-бышыгын иликтөө жагы каралган. Бирок кылмыш иши козголгон менен Башкы прокуратура депутаттык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн 27 аткаминердин жоопкерчилигин карай элек.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу аткаруу бийлиги жаңылыштыгын түшүнгөн менен аны оңдоо үчүн чечкиндүү чара көрбөгөнүн сынга алды:

- Биз айыптуу адамдардын бардыгын тактап бергенбиз. Анан укук коргоо органдары ошол боюнча эле териштирүү иштерин жүргүзүүгө акысы бар эле. Бирок парламенттик республикада парламенттин чыгарган корутундусун Башкы прокуратура укпастан, Батукаевди бошотууда мыйзам бузулган эмес деген жообун айтып туруп алды. Биздин депутаттар анда өтө одоно мыйзам бузуу болгонун көрсөтүп турсак деле ага көңүл бурулган жок. Анан минтип бир жылдан соң гана Башкы прокуратура менен сот органдары бул маселеге кайра кайрылып, жаңылыштыкты оңдоого аракет жасап жаткандай элес калтырууда. Бирок бул элес гана. Конкреттүү эч кандай иш жасалган жок. Эч ким жазалана элек.

Жыйынтыгы чыга элек өкмөт комиссиясы

Депутаттык комиссиянын Батукаев боюнча корутундусун кайрадан текшерип чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Бирок ал өзүнүн тыянагын ушул күнгө чейин чыгара элек. Бул комиссия депутаттык иликтөө тобунун корутундусунда келтирилген кызмат адамдарынын аракеттерине баа берүүгө тийиш эле. Бул өкмөттүк комиссиянын төрагасы жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тыянак чыгаруунун создугуп кетишин төмөндөгүдөй жагдай менен түшүндүрдү:

- Көп маселени иликтөө органдары такташы керек экен. Ошон үчүн биз материалдарды Башкы прокуратура менен атайын кызматка өткөрүп бергенбиз. Алар болсо иликтөөсүн бүтө элек. Бүткөндөн кийин бизге берет, анан жыйынтык чыгарабыз деген макулдашуу болгон. Азырынча ал жактан жооп келе элек.

Буга чейин мамлекет башчысы Атамбаев криматалыктын абактан мыйзамсыз бошотулушун мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун кемчилиги катары атаган эле. Бирок Атаханов кызматтан кеткени менен анын жоопкерчилиги укук коргоо органдары тарабынан карала элек. Мындан башка парламенттик комиссия корутундуда келтирген 27 аткаминердин бири дагы Батукаев маселеси боюнча саясий же укуктук баасын алыша элек. Оор кылмыш менен он алты жылга соттолгон Кыргызстандагы кримчөйрөнүн аталыктарынын бири Азиз Батукаев тогуз жыл жаза мөөнөтүн толук өтөбөй оорусуна байланыштуу деген негиз менен бошотулган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Азиз Батукаев азыр Чеченстандын Грозный шаарында болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG