Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Таиландда экс-премьер-министр үй бүлө мүчөлөрү менен камалды


Премьер-министр Йинглак Чиноват Бангкоктогу өкмөт үйүндө маалымат жыйында сүйлөп жатат, 28.11.2013
Премьер-министр Йинглак Чиноват Бангкоктогу өкмөт үйүндө маалымат жыйында сүйлөп жатат, 28.11.2013
Бейшембиде бийликти аскерлер басып алган Таиландда мурдагы премьер-министр Йинглак Чиноват мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген эжеси, анын күйөөсү менен чогуу камакка алынганын “Рейтер” агенттигине армиянын жетекчилигинин өкүлү билдирди.

«Би-би-си» жана France-Presse агенттиктери экс-премьер-министр ишкерлер жана саясатчылардын жоон тобу менен Бангкоктогу армиянын клубуна аскерий жетекчиликтин чакыруусу менен жолугушууга келгенин кабарлаган. Бийликтен кеткенден кийин кайда жүргөнү беймаалым мурдагы өкмөт башчыны сүйлөшүүгө армиянын генералы Прают Чан-Оча чакырган.

Аскерий жетекчилик оппозициянын нааразылык акциялары каптаган өлкөдө тартип орнотуу үчүн бийликти өз колдоруна алганын билдиришти.

Аскерлердин мындай кадамын Вашингтон баштаган Батыш өлкөлөрү, Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун сындап, Таиландда жарандык бийлик орнотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG