Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Дания: кыргыз спортчусу коло байгелүү болду


Бүгүн Дания өлкөсүнүн Родби шаарында пауэрлифтингдин IPF версиясы боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып жатат. Мында кыргызстандык чоюн билек жаш балбан Акжолтой Раматов өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесин утуп алды.

Акжолтой Раматов өспүрүмдөр арасында 66 килограмм чейинки салмакка чейинки курбалдаштары менен чалкасынан жатып оордук көтөрүүдө 160 кг. салмакты багындырып, үчүнчү орунду ээледи.

Биринчи орунду жапониялык Казуки Хорикава 162,5 кг көтөрүү менен жеңди. Экинчи орунга да жапониялык спортчу Ясуюки Сузуки татыктуу болду.

Өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаты 20-майда Даниянын Родби шаарында башталып, 24-майда жыйынтыкталып жатат. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG