Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстандагы бадахшандыктар тажик элчиси менен жолукту


Бүгүн Бишкектеги Тажикстандын элчилигинин алдына Кыргызстанда жашап жаткан 60ка чукул бадахшандыктар нааразылык акциясына чыкты. Алар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы тартип коргоочулардын аракетине байланыштуу тажик бийликтерине кайрылуу жолдоду.

Акцияны уюштургандардын бири Кыргызбек Канунов “Азаттыкка”:

- Тынч жаткан элге курал колдонгон бийликтегилерге каршыбыз жана ага жол бербеш керек деп эсептейбиз. Акыркы убакта элдик толкундоолор көп болуп жатат. Буга социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилбей жатышы себеп. Эл бийликке жана күч органдарына ишенбейт. Бийлик болсо элдин талабын чечүү ордуна тескерисинче аларга каршы курал колдонуп, чыңалууну курчутуп жатат,
- деп айтты.

Нааразы болуп чыккандар менен Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов жолугуп, Хорогдогу окуяларга элчилик баа бере албасын, Бишкектеги кайрылууну тажик бийлигине жеткирерин билдирди.

21-майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы башаламандыктан 3 адам каза болуп, 5 адам жараат алган эле. Анда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, облустук соттун жана милициянын имараты өрттөлгөн.

Кечээ түнү Хорогдо дагы кагылыш болуп 1 адам өлүп, эки адам жарадар болду. (SA)

XS
SM
MD
LG