Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Украинада президенттик шайлоо өтүүдө


Президенттикке 18 талапкер ат салышууда. Ырасмий Киев өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарындагы көпчүлүк шайлооканалары ачыларына ишене бербегенин билдирди. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюктун айтымында, шайлоо өлкө чыгышындагы кырдаалды стабилдештирүүдөгү биринчи кадам болот. "Бизде мыйзамдуу президентибиз болот. Ал биринчи сапарын бирдиктүү Европанын борборуна жасайт жана Евробиримдик менен эркин соода келишимине кол койот,” – деди Яценюк 24-майда украиналыктарга жасаган кайрылуусунда.

Президент Путин Украинанын жаңы өкмөтү менен иштешем деп сөз берди. Киев Москваны жикчилдерди колдойт деп айыптады. Сурамжылоолорго караганда, элдин көбү миллиардер Петро Порошенкону колдойт, бирок анын биринчи турда жеңип чыгары күмөндүү. Порошенконун жакын атаандашы, мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенкону жактоочулардын саны алда канча аз.

XS
SM
MD
LG