Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Кытайдын түштүгүндөгү суу ташкында 15 адам набыт болду


Өкмөттүк Синхуа агенттигинин кабарлашынча, нөшөрлөгөн жаандан кийинки сел Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарында 3300 үйдү кыйратып, 649 миң адам жабыр тартты. Шитан шаарында таза суунун резервуары булганып, 20 миңден ашуун адам ичер суусу жок калды. Акыркы 100 жылда Гуанчжоу, Чжаоцин жана Цингюан шаарларында мындай суу ташкын болгон эмес деп айтылат маалыматта.

Селге байланыштуу 16 улуттук жана жергиликтүү жол жабылды. Суу ташкын келтирген чыгым 293 миллион доллар деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG