Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Донецк облусунда 400дөн ашуун шайлоокана иштеп жатат


Украинадагы президенттик шайлоодо Киевде жана Украинанын батышындагы шайлооканаларда добуш бергени көп эл келгени айтылууда. Украинанын чыгышындагы Донецк облустук бийлигинин маалымдашынча, саат 8:30да региондогу 2430 шайлоокананын 426сы гана ачылган жана Донецкиде бир да шайлоокана иштебейт.

Луганск облусунун борбору Луганксиде да шайлооканалар жабык турганы, бирок айрым жерлерде эл добуш бериши мүмкүн экени кабарланды.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер өздөрү жарыялап алган “Элдик республика” “Новороссия” (Жаңы Россия) болуп биригерин жарыя кылды. Жикчилердин айтымында, мындай келишимге 24-майда Донецк шаарында кол коюлган. Катуу күзөтүлүп өткөн салтанатка орусиялык тележураналисттер гана катыштырылды. Донец жана Луганкс облустарынын көпчүлүк бөлүгү жикчилдердин ээлигинде. Алар бул аймактарда шайлоону өткөрүүгө жол берилбейт деп коркутушкан.

XS
SM
MD
LG