Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Украина: Шайлоочулардын 40 пайыздан ашууну добуш берди


Чернигов шаарындагы добушканалардын бири. 25-май, 2014 -жыл.
Чернигов шаарындагы добушканалардын бири. 25-май, 2014 -жыл.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15ке карата добуш берүүгө укуктуулардын 40 пайыздан ашууну шайлоо бекеттерине келген. Мунун алдында борбор Киевдеги добушканаларда шайлоочулар кезек күтүп турушканы кабарланган эле. Ал эми чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарында шайлоо бекеттеринин көбү ачылган жок. Донецк шаарында орусиячыл жикчилер бюллетень ташталуучу үкөктөрдү эл көзүнчө талкалап салышты.

Украинанын кийинки президенти болууга жалпысынан 18 талапкер ат салышууда.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, талапкерлер арасынан көч башында ишкер жана миллиардер Петро Порошенко турат. Бирок ал биринчи айлампанын жыйынтыгы менен эле жеңишке жетчүдөй эмес.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко Порошенконун башкы атаандашы катары каралууда.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө ЕККУнун 1000ден ашуун байкоочусу көз салып жатат. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да, Бишкек убактысы боюнча саат 23тө жабылат.

Андан кийин экзит полл же шайлоо бекеттериндеги сурамжылоонун жыйынтыгы жарыялана баштайт. Дүйшөмбү күнгө барып, шайлоонун баштапкы бейрасмий жыйынтыгы белгилүү болот. (UE)

XS
SM
MD
LG