Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Украинада италиялык журналист курман болду


Италиялык фотожурналист Андреа Роччелли 24-майда Славянск шаарынын четинде набыт болгонун Италиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул күнү Славянскинин четинде украин армиясы орусиячыл күчтөр менен салгылашып жаткан. Расмий маалыматта журналисттин денеси башка орусиялык жарандардын жасаттары менен чогуу ооруканага таануу үчүн алынып кеткени айтылат. Кабарларга караганда, Роччелли жана анын орусиялык котормочусу минометтун огунун алдында калышкан. “Украинанын бийликтеринен Андреа Роччеллинин өлүмүнүн себептерин изилдөөнү талап кылабыз” деп айтылат Италиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG