Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Порошенко президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады


Үч экзит-поллдун маалыматы боюнча депутат жана ишкер Порошенко Украинада жекшемби күнү болгон шайлоодо 56% тегерегинде добуш алып, биринчи турда жеңишти камсыз кылды. Анын жакынкы атаандашы Юлия Тимошенко 12% ашуун, депутат Олег Ляшко 8% ашуун шайлоочулардын добушун алды. Экзит-поллдун жыйынтыгына таянган Петр Порошенко, анын биринчи милдети согушту токтотуп, тынчтыкты орнотуу экенин жана биринчи сапарын Донбасска жасарын билдирди. Ал Крымды Орусия кошуп алуусун Украина эч качан тааныбасын, украиналыктар Европа интеграциясын тандап алганын белгиледи:

- Украиналыктардын 85% Украинанын Европа тандоосун жактырды. Бүгүнкү күнү Европа жолун турмушка ашыруу жана Украинанын европалык каалоосу өтө маанилүү. Өлкөдөгү бардык бийлик бутактары өз ишинде мына ушуну жетекчиликке алууга тийиш.

Юлия Тимошенко шайлоодо жеңилгенин моюнга алды. Ал эми АКШ президенти Барак Обама Украинанын жаңы президенти менен кызматташуу ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG