Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Таласта мектеп бүтүрүүчүлөрү автокырсыкка кабылды


Талас районунун Арал айылындагы мектептин үч бүтүрүүчүсү унаа кырсыгына кабылып, облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө түштү. Окуя акыркы коңгуроо күнү болгонун бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуучу Эртабылды Бакыт уулу атасынын “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаасына төрт досун салып, катуу ылдамдыкта айдап бараткан учурда дөңгөлөк жарылып кеткен. Натыйжада, Эртабылды менен кошо достору Аман Асыранов жана Малик Алмаз уулу облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Салондогу дагы эки окуучу – Кадырбек Кубанычбековго жана Дастан Абдылдаевге биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда жыл сайын акыркы коңгуроодо мектеп окуучулары катышкан автокырсыктар катталат. Анын алдын алуу үчүн быйыл 25-майды шаан-шөкөт менен белгилөөгө, кафе-ресторандарда, табият койнунда коштошуу уюштурууга Ички иштер министрлиги тыюу салган. (SE)

XS
SM
MD
LG