Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Базар ээсинен пара талап кылган мамкызматкер эки айга камалды


23-май күнү 300 миң сом пара менен кармалган өкмөт алдындагы антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Руслан Умаров билдирди. Анын айтымында Нургалы Кудаяров “Кудайберген” базарынын жетекчиси Элвира Сурабалдиевадан акчаны базардагы орундардын ижара акысын көтөрүү маселесин чечип берүү үчүн алган. Экөөнүн сүйлөшүүсү жазылган үн тасмада Кудаяров акчаны мекеме жетекчиси Бабырбек Жээнбековго бериши тууралуу да айткан. Ал иликтенип жатат.

Базар ээси Элвира Сурабалдиева Кудаяровдун пара сурап жатканы жана аны күч кызматкерлерине карматуу аракетин кылганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Күч кызматкерлеринин айтымында, Кудаяров алгач 100 миң сом алган, дагы 200 миңди алып жаткан учурда кармалган. Аны Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Буга чейин “Кудайберген” базарында соода кылгандар соода орундары үчүн ижаранын кымбатташына каршы бир канча жолу митингге чыгышкан. (ZB\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG