Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Хорогдогу демонстранттар тарап кетти


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун баш калаасы Хорог шаарындагы демонстранттар борбордук аянттан тарап кетти. 25-майда жарандык коом менен бийлик өкүлдөрү өткөн аптадагы кандуу окуяны иликтөө тууралуу макулдашты.

21-майдагы тополоң учурунда кеминде 3 киши окко учкан, 7 киши жарадар болгон.

Жергиликтү тургундар тартип коргоочулардын шектүү кылмышкерлерди кармоо операциясына нааразылыгын билдирип, ортодо кагылышуу чыгып кеткен. Ишембиде болсо демонстранттар коопсуздук күчтөрүнүн Хорогдогу имаратына граната, автоматтар менен чабуул коюшканда бери дегенде 1 киши набыт кетип, экөө жараат алган.

Нааразылык акциясынын катышуучулары менен Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шерали Хайруллоев катышты.

XS
SM
MD
LG