Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Евразия Экономикалык биримдиги келишимине 29-майда кол коюлат


Беларус, Казакстан жана Орусиянын президенттери Евразия Экономикалык биримдигин түзүү тууралуу документке 29-майда Астанадагы саммитте кол коюшмакчы. Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, келишим эмки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Уюшма ушу тапта 3 өлкөдөн турган Бажы биримдигинин негизинде түптөлүүдө. Жаңы экономикалык блок “КМШ аймагындагы эң ири орток рынокко айланмакчы” деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Астанадагы жолугушууда үч лидер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасын талкуулашат. Москва Евразия экономикалык биримдиги Еврошаркеттин модели боюнча түзүлөөрүн айтып келген.

XS
SM
MD
LG