Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Велоспортчу Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышууда


26-майда Казакстандын Караганда шаарында велоспорт боюнча Азия чемпионаты башталды. Ага 29 өлкөнүн 300дөн ашуун спортчусу катышып жатат. Кыргызстандын намысын кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Евгений Ваккер коргойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамов билдирди. Анын айтымында, Ваккер 45 чакырым аралыкта велосипед тебүү боюнча баш байгеге талапкер болушу мүмкүн.

Евгений Ваккер Азиянын 4 жолку чемпиону, "В" тобунда дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

1994-жылдан бери өтүп жаткан Азия оюндарында беш ирет күмүш байге уткан.

Казакстандагы Азия чемпионаты 2-июнда жыйынтыкталат.(КМа)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG