Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Донецк аэропортунда салгылашуу жүрүүдө


Донецк аэропортунда салгылашуулар жүрүп жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө. Анын алдында облустун негизги аба майданын жикчилер ээлеп алышкан.
Бир катар эл аралык агенттиктер куралдын добушу угулуп жатканын, согуш учактары учуп жүргөнүн, аэропорттун айланасын кара түтүн каптаганын маалымдашууда. Анын алдында аэропорттун жабылганы айтылган.

- Таңкы саат үчтөрдө куралчан адамдар аэропорттун аймагына келишти. Түздөн-түз тирешүү же куралдуу жаңжал тутанган жок. Алар аба майданын кайтарып турган аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылышты, - деген эртең менен аэропорттун басма сөз өкүлү Дмитрий Косинов.

Анын алдында өзүн Донецк Элдик жумуриятынын лидери деп атаган Денис Пушилин облуста 26-майдан тарта аскерий абал киргизээрин жарыялаган. Жикчилер жумурияттын аймагын “касташ Украинанын күчтөрүнөн тазалоону” көздөшөөрүн Твиттерде жазышты. Ал эми Украинанын биринчи вице-премьер-министри Виталий Ярема армиянын чыгыш облустардагы операциясы жакынкы күндөрү жанданаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG