Бул тууралуу Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов 26-майда Жогорку Кеңештин комитетинде билдирген. Анын айтымында, өткөн жылы Бажы кызматына конкурс жарыяланып, ага 1 миңдин тегерегинде киши катышып, 196сы кызматка алынган.
Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү Ташболот Балтабаевдин айтымында, комитет жыйынында Бажы кызматына ишке алууда жана конкурс учурунда коррупциялык фактылар орун алганы белгиленди. Мындай коррупциялык көрүнүштөр жана фактылар башка күч органдарда жана кызматтарда да бар экени комитет жыйынында айтылды. (AiT)