Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Донецк облустук аэропортунда аскерий операция токтоду


Аскердик операция учурунда өкмөттүк тик учактар Донецк облустук аэропортунун негизги терминалын жана учуучу тилкелерди аткылашты. Ал терминал 26-майда жикчилердин куралдуу топтору тарабынан ээленген эле.

Украин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Владислав Селезнев аскердик операциянын максаты аэропортту көзөмөлгө алуу экенин айтып, ал жикчилерге аэропортту бошотууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин башталганын билдирди.

Операция учурунда МИ-24, Су-25 жана МИГ-29 аскерий учактары пайдаланылды. Ал эми өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алышкандардын жетекчилиги облус аймагында “аскердик абалды” жарыялашты.

27-майдын таңында аскердик операция токтотулганы кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG