Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Нарында кара өпкө ылаңынан 200дөн ашык кой-эчки өлдү


Нарын районунун Кара-Кужур, Эмгек-Талаа айыл аймактарында кой-эчки арасында ылаң чыгып 223 баш мал зыянга учурады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын акиминин орун басары Нурлан Абакиров билдирди. Эмгек-Талаадан 173 жана Кара-Кужурдан 50 баш кой, эчки өлгөн.

Мал ылаңы чыккан айылдарга карантин киргизилди. Жергиликтүү ветеринардык кызмат тарабынан ооруга каршы эмдөө жүрүүдө. Өкмөттөн 140 миң доза вакцина жеткирилди. Кырылган малды санитардык талапка ылайык көмүү иштери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG