Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Прокуратура Шахида Аманбаеваны 13 жылга кесүүнү өтүндү


Үч жылдан бери сот өкүмүн күтүп отуруп ден соолугу начарлаган Шахида Аманбаеваны прокуратура 13 жылга эркинен ажыратууну соттон суранууда. Бүгүн Чүй облустук сотунда бардык тараптарга акыркы сөз берилди. Сот өкүмү 29-майда угузулат.

Аманбаева 2010-жылы Токмок шаарында адам өлтүрүү фактын жаап-жашырган деген айып менен кармалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал нерв оорусуна чалдыгып, азыр өз алдынча басып-турууга чамасы келбей, сүйлөгөнү да кыйындап калган.
(MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG