Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Хореографиялык окуу жайдын шарт коюлган жетекчиси иштен кетти


Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын жетекчиси Саида Кудайбердиева КР Маданият, маалымат жана туризм министринин атына өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мурдараак аталган окуу жайдагы даярдоо бөлүмүнүн көркөм жетекчиси Аида Ахмадалиева окуу жайдын жетекчилигинин саясатына каршылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаган эле. 23-майдан бери оозуна наар албай жаткан Ахмадалиева окуу жайдын жетекчиси Саида Кудайбердиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылып, аны чыныгы кирешени жашырып жатат деп айыптаган.

Ахмадалиева ачкачылык акциясын бүгүн токтотту. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG