Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Биометриялык каттоо долбоору парламент комитетинде жактырылды


Жарандарды биометриялык каттоодон өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде жактырылды. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөлөрү биометриялык каттоодон өтүү ар бир кыргызстандыктын милдети болууга тийиштигин белгилеп, бул өз кезегинде калктын так санын аныктоого мүмкүнчүлүк берерин айтышты.

Жарандар тууралуу биометриялык маалымат топтоо жана каттоодон өткөрүү өнөктүгү быйыл 31-августта башталып, келерки жылдын 1-июлуна чейин аяктоого тийиш. Кыргыз өкмөтү бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 250 млн. сом бөлүүнү көздөөдө. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG