Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Жарандык активист төрөт үйүнүн алдына пикетке чыкты


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жакында эле туулган наристе чарчап калганына байланыштуу нааразылыгын билдирип бүгүн Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. Көп өтпөй, төрөт үйүнөн өзүн тааныштыргысы келбеген бир аял чыгып, укук коргоочунун колундагы “Төрөтканабы же өлүкканабы?” деген жазуусу бар плакатты жулуп алып, тытып салды. Окуяга күбө болгон кабарчыбыздын айтуусунда ушул тапта укук коргоочуну төрөт үйүнүн башкы дарыгери кабыл алууда. Башкы врач сүйлөшүүгө журналисттердин катышуусун каалаган жок.

Аталган төрөт үйүндө 20-май күнү төрөлгөн ымыркай беш күндөн кийин чарчап калган. Наристенин энеси Нурзада Садырбаева баланын өлүмү медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам болду деген айыптоосун “Азаттыкка” билдирген. Ал эми төрөт үйүнүн жетекчилиги бул окуя боюнча кызматтык-медициналык иликтөө бүтмөйүнчө эч кандай маалымат берилбестигин айтууда.(UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG