Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Келдибековдун жактоочулары Ош – Эркеч-Там жолун буушту


Камактагы мөөнөтү 27-июнга чейин узартылган ЖК депутаты Акматбек Келдибековдун жүз чамалуу жактоочусу Ош – Эркеч-Там жолунун Тамчы участогунан жолду бууп турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтуусунда жол эки тарабынан эки машине менен тосулуп, ортосуна таш төгүлгөн.

Маалыматка ылайык, бүгүн жол тоскондор жыйын уюштуруп, анда Акматбек Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы жазылган кайрылууну мамлекет башчы баштаган бийлик өкүлдөрүнө жолдошту.

Учурда тосулуп турган жолдогу кырдаалга 200 милиция кызматкери көз салууда.

Кечээ Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан чечим чыгарган.
Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрында коррупция боюнча айыпталып кармалган. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Ошол убакыттан бери Келдибековду абакта кармоо улам-улам узартылып келатат. Акыркы чечимге ылайык, ал 27-майда боштондукка чыкмак.

Келдибеков өзүнө коюлган айыпты четке кагып, саясий себептен улам камалганын айтып келет.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG