Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Москвада кыргыз жарандары бычакташты


25-майдан 26-майга караган түнү Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык жигиттер чатакташа кетип, бири экинчисин бычак менен сайып салган. Натыйжада бычак жеген 28 жаштагы жаран каза таап, аны өлтүргөн жаран күнөөсүн моюнуна алып, полицияга барган.

Маалыматтар боюнча бычакташкандар бир айылдан, теңтуш классташтар болгон. Азырынча аягы өлүм менен бүткөн чатакка эмне себеп болгону белгисиз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Москванын полициясы бул иштин үстүнөн иликтөө баштады. Ал эми өлгөн жарандын сөөгүн мекенине, Ала-Бука районуна жеткирүү боюнча иш жүрүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG