Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Азербайжанда оппозициялык блоггер камалды


Баку шаарында сот оппозициялык блоггер Абдул Абиловду 5 жарым жылга түрмөгө камаган өкүмүн чыгарды. Анын адвокаты Халид Багиров “Азаттыктын” азери кызматына сүйлөп, блоггерге “маңзат сактаган” деген айып тагылганын айтты. Багиров соттун чечимин “акыйкатсыз” деп атап, алар доо арыз жазышарын кабарлады.

31 жаштагы Абилов азери бийликтерин сындаган макалалары менен белгилүү. Ал ноябрда камалган. Блоггерге өкүм Азербайжанда шайлоолорго байкоо салган уюмдун башчысы Анар Маммадли жана анын эки кесиптеши “салыктан качкан, мыйзамсыз ишкердик кылган жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалаганга аракет кылган” деген кине менен жети жылга камалгандан бир күндөн кийин чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG