Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Сохтогу жаңы эскертме элди түйшөлтүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекет. 2011-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекет. 2011-жыл.

Өзбекстандын Сох анклавына кирип-чыгуу 1-июлдан тарта биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт. Чек арада пайда болгон мындай эскертмелер анклавды аралап өткөн Баткен районунун тургундарын түйшөлтүүдө.

Бирок райондун расмийлери мындай тартип Өзбекстандын жарандарына гана тиешелүү экенин айтууда.

Анклав менен чектешкен жердеги “Чашма” чек ара бекети жайгашкан. Баткен районунун жогорку аймагындагы 10го жакын айылдын тургундары, Айдаркен-Баткен каттамындагы жүргүнчүлөр дал ушул жерден өтүүгө мажбур. Алар "Жогорудагы тартип ишке кирсе, биз кантебиз" деп кабатыр.

Баткендин тургуну Мурзалим анклавды аралап, күн сайын жүргүнчү ташыйт. Ал Кыргызстан өз жарандарын тез арада жаңы паспорт менен камсыз кылбаса, тирилик токтоп калат деп бушайман.

- Сохтон өтүп жаткан жердеги “Чечме” чек ара өткөрмө бекетинде өзбек тилинде “1-июлдан баштап биометрикалык паспорт менен гана өтүү эрежеси кирет” деген эскертүү жазылып турат. Биз эми эмне кылабыз? Каттабай калабызбы же андай эреже жалаң Өзбекстандын жарандарына тиешелүүбү? Ушуну тактап беришсе. Сохту канча киши аралап өтөт. Же бизге да ошондой паспорт берилиши керек.

Азырынча Өзбекстан чек арадан өтүү үчүн жаңы талаптары тууралуу расмий билдирүү бере элек. Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов мындай жаңы эреже үчүн Кыргызстан жарандары түйшүк тартпаса да болот, – деди:

- Өзбекстан чек арадан өтүү боюнча жаңы талаптарды киргизгени тууралуу облуска же районго расмий билдирүү берген эмес. Демек биздин жарандар кооптонбой эле койсо болот. Ал эреже өзбекстандыктарга эле тиешелүү болушу мүмкүн.

Эл аралык келишимдерге ылайык, чек арадан өтүү тартибинде жаңы өзгөчөлүктөр кирсе же башка талаптар болсо алдын ала билдирмелер берилүүгө тийиш. Өзбек тарап мындай маалымдаманы Тышкы иштер министрлиги же элчиликтер аркылуу да берген эмес. Бирок өлкө жарандарын биометрикалык паспортко өткөрүү ишин жүргүзүп жатканын билебиз дейт Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков.

- Биометрикалык паспортторду Өзбекстан өз жарандарына киргизгени тууралуу убагында маалымдалган. Бирок ал биздин жарандардын кирип-чыгуусуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Негизи КМШ өлкөлөрү дээрлик баары эле биометрикалык паспортторго өз жарандарын өткөрүп жатышат.

Дүйнөдө, анын ичинде жакын кошуналар биометрикалык паспортко өтүү, жаңы талаптар менен иштөө жаатында аракеттенип жатканда Кыргызстан үчүн да бул багытта ишин илгерилетүү зарылдыгы чыгып калчудай.

Жергиликтүү талдоочу Хаитали Айкыновдун айтымында, жаңы паспорт менен камсыздоо маселесин шайлоого эле байланыштырып күтпөстөн ишти тездетүү керек. Кокус, кошуна өлкө өз жарандарына койгон талапты чек араны кесип өткөндөрдүн баарына жайылтчу болсо, кыргыз жарандарына маселе жаралып калышы мүмкүн.

- Өзбекстан менен мамлекеттер аралык келишимде чек арадан өтүү жаатында талаптар өзгөрүп, жаныча эрежелер болсо бир ай мурда эскертүүсү керек. Азыркы учурда биз биометрикалык паспорт жаатында артта баратабыз. Убакт болсо тар. Президенттин тапшырмасы боюнча эмки жылкы шайлоого байланыштуу талап коюп жатат. Ошол эле мезгилде айрыкча Баткен облусунда чек арадан кесип өтүү маселеси бар учурда бул жаатта атайын олуттуу карап, маселени тездетишибиз керек. Антпесе бүгүн болбосо, эртең кошуналар бул талапты бизге да коюшу ыктымал.

Өзбекстан жарандарын биометрикалык паспорт менен камсыздоо ишин эл аралык уюмдардын колдоосу менен 4 жыл мурда баштаган. Өлкөдө 2015-жылы толугу менен эски үлгүдөгү паспорттор колдонуудан чыгат.
XS
SM
MD
LG