Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Чуулгандуу төрөтканадагы өлүм иликтенет


№4 төрөткана чуулгандуу иштерден улам коомчулукка жакшы белгилүү. (Иллюстративдик сүрөт)
№4 төрөткана чуулгандуу иштерден улам коомчулукка жакшы белгилүү. (Иллюстративдик сүрөт)

Шаардык перинаталдык борбордо же №4 төрөтканада бир күн ичинде эки ымыркайдын белгисиз жагдайдагы өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду.

Табышмактуу жагдайда чарчап калган 5 күндүк ымыркайдын энеси 29 жаштагы Нурзада Садырбаеванын көз жашы тыйыла элек. Ымыркай үй-бүлөдө 3-наристе болмок. Жаш жубайлар уулдуу болобуз деп 9 ай чыдамсыздык менен күтүп, атүгүл наристеге Иман деп ат койгонго да үлгүрүшкөн.

Врачтар кечирим сурашты...

Нурзада 20-майда көз жарат. 24үндө төрөтканадан чыгаар маалда ымыркайдын денеси сапсары болуп, дарыгерлер палатага жатып дарыланууга көрсөтмө беришет. Ошентип 25-май күнү медайымдын дарылоо аракети кайгылуу окуя менен аяктайт. Ыйлай берип көздөрү шишиген эне ымыркайдын өлүмүнө медайымдын капельницаны туура эмес сайганы себеп болгон деп эсептейт.

- Медсестра баламдын венасын таба албай чекесинен бери канжалатты. Үчүнчү жолкусунда араң сайды. "Ушунча да кыйнайсызбы?" десем кыйкырып койду. Анан капельница сайылары менен бала көгөрүп жатып калды. Балага бөтөлкө менен глюкоза бер деп кыйкырды. Оозуна тамчылаткыча эле жүрөгү сокпой калды. Же жардамга келген эч ким жок. Ошол учурда 5 бөлүмдө болгону бир эле врач бар экен. Көз алдымда турган баламды сактай алган жокпуз.

Нурзаданын күйөөсү динчил болгондуктан баланын сөөгүн медициналык экспертизага бербей туруп көмүшкөн. Жаш ата-эне тагдырдын башка салганы, өлгөн тирилмек беле деп врачтардын үстүнөн да арыз жазуудан баш тартышат.

- Алар баары бир күнөөлөрүн моюнуна алышпайт. Экспертиза деле алардын сөзүн сүйлөйт. Ошондуктан байкуш баланы бычактабай эле жерге бердик. Ал күн дем алыш болгондуктан дүйшөмбүгө чейин өлүкканада жатмак. Биз аларга ишенбей калдык.
Садырбаева: Баламдын өлүмүнө медайым күнөөлүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:31 0:00


Эң кызыгы аталган төрөткананын ак халатчандары Нурзаданын үйүнө барып иттик бизден кетти деген тейде кечирим сурашып, болуп өткөн окуя боюнча чуу көтөрбөөсүн өтүнүшөт. Керек болсо акча сунуштаганга да даяр экенин кыйытышат.

Бирок жаш ата-эне мындай күйүттүү тагдырга башкалар да туш болбосу үчүн болгон окуяны коомчулукка билдирүүнү эп көрүшөт.

Бул факт боюнча аталган оорукананын башкы врачынан да, Нурзада айтып жаткан медайым Назирадан да түшүндүрмө алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Деген менен Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы бул окуя боюнча кызматтык иликтөө баштаган. Бул тууралуу Бишкектин башкы акушер врачы Раиса Асылбашева билдирди.

- Туугандары баланы сойдурганга макул болсо, ким күнөөлүү экени так аныкталмак. Ошентсе да азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Атайын комиссия түзүлдү. Документтердин баары биздин колубузда. Баарын иликтеп туруп тиешеси барларды жоопко тартабыз.

Асылбашева кошумчалагандай, эгер врачтардын күнөөсү далилденсе, төрөткананын башкы врачы баш болуп кызматтан алынат.

Башкы акушер 25-майда дагы бир айына жетпей төрөлгөн ымыркай ажал тапканын тастыктаганы менен анын чоо-жайын түшүндүрө алган жок.

“Төрөтканабы же өлүкканабы?”

Ал ортодо укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров сөз болуп жаткан төрөткананын алдында “Төрөтканабы же өлүкканабы”? деген жазуулар менен 27-майда пикет өткөрдү. Токтонасыров аталган төрөтканага карата чара көрүлбөсө энелердин көз жашы тыйылбайт деген ойдо.

- Эмнеге эле ушул төрөтканада өлүм көп таң калам да. Эмне кырсык баскан жайбы? Дайым эле ый, дайым эле чуу. Бир нерсе десе эле медиктер жетишпейт дешет. Медакадемияны бүтүргөндөр толуп жатпайбы. Бул төрөтканага күчтүү менеджер керек жана врачтардын жоопкерчилигин караш керек. Качанкыга чейин ата-энелердин, келиндердин ыйын угуп жүрө беребиз? Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева бул жерге эмне үчүн өзү келип териштирбейт?

Бирок укук коргоочу төрөткана алдында турган кезде ооруканадан белгисиз аял чыгып, колундагы плакатын тытып салды. Аялдын ким экендигин тактоого мүмкүн болгон жок.
Укук коргоочунун кагазын айрып салышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00


№4 төрөткана чуулгандуу иштерден улам коомчулукка жакшы белгилүү. 2007-жылы аталган мекеменин дарыгери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалып, кылмыш иши козголгон. 2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жуумп, коомчулукта резонанс жараткан. Мындан бир нече ай мурун дагы бир эне төрөттөн жан берип, төрөткананын жетекчиси кызматынан алынган. Өткөн жылдын ноябрь айында дагы бир ымыркай уурдалып, ызы-чуулардан кийин кайра табылган. Ушул жылдын март айында эле медайымдар жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган кыз ымыркайга алмашып кетип, башкы врач кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG