Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Абхазияда демонстранттар президенттик имаратка кирип барды


Өзүн эгемендүү деп жарыялаган Абхазия республикасында 27-майда бир нече миң киши реформа жоктугуна, коррупцияга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар президенттик администрация жайгашкан имаратка кирүүгө бир нече жолу аракет жасап, айнектин талкалануусунан кийин кирип барышкан.

Президент Александр Анкваб оппозиция лидери Ахра Бжания менен сүйлөшүүгө, өкмөттү кетирүүгө макулдугун берип, чогулгандарды имараттан чыгып кетүүгө чакырды. Бирок эл президенттин да кызматтан кетишин талап кылууда.

2008-жылы орус-грузин согушунан кийин Орусия Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган. (AiT)

XS
SM
MD
LG