Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Кыргызстанда жер титиреди


Бүгүн эртең мененки саат 8:25те Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, силкинүүнүн очогу Чүйдө, Ысык-Ата курортунан түштүк-батыш тарапты көздөй 14 чакырым, Бишкек шаарынан 45 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жайгашкан.

Ысык-Атанын өзүндө жана Карагай-Булак айылында жердин титиреши 4 балл болуп сезилди. Ал эми Бишкекте 2,5 балл болду.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок, адам өмүрүнө зыян тийген учурлар да катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG