Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Атамбаев: Чек араны чечүүдө коңшулар менен тил табышабыз


Президент Алмазбек Атамбаев чек арачылардын күнүнө карата уюштурулган салтанатта сүйлөп, Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүүдө тил табышууга аракеттенет, бирок алардан көз каранды болбойт деп белгиледи:

- Кайсы коңшубуз менен чек ара маселеси чечилбесе, Кыргызстан ал мамлекеттен көз каранды болбошу керек. Жол болобу, газ болобу, айырмасы жок. Бишкектен тартып барсак да көз карандысыздыгыбызды, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек. Эгерде чек ара маселеси болсо, аларга көз каранды боло берсек, барган сайын жерибизди алдыра беребиз. Мен ишенем, биз баары бир коңшулар менен тил табышабыз, анткени алар менен ынтымакта жашообуз керек. Биздин чек аралар достук, шериктештик чек арасы болууга тийиш.

Атамбаев мамлекет куралдуу күчтөргө, күч органдарына камкордугун күчөтө тургандыгын дагы кошумчалады.

Өзбекстан эки тараптуу келишимдин мөөнөтү бүттү деген себеп менен 14-апрелден бери Ош шаарына газ берүүнү токтоткон. Айрым эксперттер өзбек тарап газ маселесин чек араны чечүү үчүн колдонууга аракеттенип жатат деген пикирди айтышууда. (UEz/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG