Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

"Республика" фракциясы алты депутатынан баш тартты


Парламенттеги «Республика» фракциясы өз курамынан төрт депутатты чыгарды. Партиядан кабарлашкандай, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Абдыжапар Бекматов жана Нурбек Мурашев боюнча маселе кезексиз жыйында каралып, алар саясый ишмердүүлүгүн «Бир бол» партиясында жүргүзүп жатканы, бул уставга карама-каршы келери айтылды.

Мындан тышкары, депутаттар Нурбек Алимбеков жана Акылбек Эшимов көпчүлүк коалиция менен келишим түзүүгө байланышкан кыймыл-аракети жана «Республика» фракциясынын Уставын бузгандыгы үчүн фракциянын курамынан чыгарылды.

"Республика" партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 23 мандат алган. Бирок айрым депутаттар кийин "Өнүгүү" жана "Бир бол" партияларына, айрымдары фракцияга кирбеген депутаттык топторго өтүп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG