Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Сексуалдык азчылык өкүлдөрү парламентке кайрылды


Кайрылууга “салттуу эмес сексуалдык мамилеге оң көз караштын түптөлүүсү үчүн” административдик жана кылмыш жоопкерчилигин сунуштап жаткан мыйзам долбоору негиз берген. Кайрылуу ээлери бул мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келерин жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүн басынтуу менен бирге коомдо аларга каршы зомбулуктун кескин күч алышына алып келет деп чочулашат.

Катта айтылгандай аталган мыйзам долбоорунун авторлору – ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаровдун, Улукбек Кочкоровдун жана Курманбек Дыйканбаевдин атына 60тан ашуун кайрылуу жолдонуп, долбоорду чакыртып алууга чакырышкан.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кыларын белгилешет. Ошол эле учурда кумса, бисексуал жана башка адамдардын укугун коргоо аракеттерин “Батыштын бузуку саясаты” деп сындагандар да жок эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG