Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Ооган президенттигине талапкерлер Обаманын планын кубатташты


Ооганстандын президенттигине талапкерлер АКШнын аскерлерди чыгаруу боюнча жаңы планын кубатташты. "Талибан" болсо аны “оккупациянын уландысы” деп айыптады.

27-майда президент Барак Обама ушул жылдын аягында Ооганстандагы согуштук бөлүктөрдүн көбү чыгарылгандан кийин ал өлкөдө 9 миң 800 аскер калаарын билдирген. Эмки жылдын аягында алардын саны эки эсе кыскартылмакчы. Ал эми контингент толугу менен 2016-жылдын соңуна чейин кетет деп болжолдонууда.

"Ассошейтед Пресс" агенттиги маалымдаганына караганда, президенттик жарыштын экинчи айлампасына чыккан Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани экөө тең Вашингтондун планын кубаттоо менен кабыл алышты. Ал эми "Талибан" өз билдирүүсүндө АКШ аскерлеринин өлкөдө кала беришин “суверенитетти, динди жана адам укуктарын бузуу” катары эсептээрин белгилейт.

НАТОнун басма сөз өкүлү Оана Лунгеску Обаманын жарыясы альянстын ооган аскерлерин 2014-жылдан кийин да машыктыруу жана колдоо миссиясына дал келээрин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG