Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Ошто баласын 70 миң сомго соодалаган келин кармалды


Ош шаардык ИИБнын маалыматы боюнча 27 жаштагы келин үстүбүздөгү жылы февраль айында беш айлык баласын сатып жиберген. Бул жоругун аял колунда жоктугуна жана баланын атасыз туулганына шылтоодо. Маалыматка ылайык, баласын саткан келин менен чогуу наристени соодалоого далдалчы болгон ортомчу да кармалып, тергөө абагына киргизилди. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле бүгүн Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринен 23 жаштагы келин ара төрөлгөн эки күндүк ымыркайын таштап качып кеткени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG