Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

АКШ терроризмге каршы күрөшкө көп акча бөлөт


Мамлекеттик катчы Жон Керри АКШ “өнөктөштөрдүн терроризмге каршы күрөшүү фондун” түптөй баштаганын билдирди. 5 миллиард долларлык фонд башка өлкөлөргө экстремист радикалдарга туруштук берүүгө жардамдашууну көздөйт.

Керринин айтымында, фонд тууралуу президент Барак Обама бүгүнкү сөзүндө жарыяламакчы. Вест-пойнт аскердик академиясында сүйлөгөн сөзүн президент Вашингтондун тышкы саясатына арнайт. Обама АКШнын дүйнөдөгү ролу менен катар Ирандын ядролук программасы, Сириядагы жаңжал, Орусия менен Украинанын мамилелери өңдүү маанилүү эл аралык маселелерге кайрылат деп күтүлүүдө.

27-майда америкалык лидер ушул жылдын аягында Ооганстандагы согуштук бөлүктөрдүн көбү чыгарылгандан кийин ал өлкөдө 9 миң 800 аскер калаарын билдирген. Ал эми контингент толугу менен 2016-жылдын соңуна чейин кетет.

XS
SM
MD
LG