Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Донецкте аткылашуу токтоду


Украинанын чыгышындагы Донецк шаарында кырдаал тынчыганы кабарланууда. Алдынкы күнү ондогон орусиячыл жикчилер өкмөттүк армия менен кармашта окко учканы тууралуу маалымдалган. Бүгүн эртең менен жикчилер ээлеп алган улуттук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн айланасында аткылашуу угулганы, шаардын үстүнөн согуш учактарынын учуп жүргөнү айтылган.

Бирок кармаш тууралуу так маалымат жок. Кийин аткылашуу токтоду. Мэр жикчилер шаардагы бир нече коомдук имаратты ээлеп алышты деген маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Петро Порошенко Германиянын "Билд" гезитине берген интервьюда “антитеррордук операция эми жакшылап башталды” деди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин элин “кандаштар согушунун кырына” түртүп жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG