Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Газ түтүгүнөн “түтөгөн” чыр


"Кыргызгаз” ишканасы 10-апрелде толугу менен орусиялык “Газпромго” сатылган.
"Кыргызгаз” ишканасы 10-апрелде толугу менен орусиялык “Газпромго” сатылган.

Баткен облусундагы иштелбей калып кеткен газ түтүктөрүн казып алып, Казакстанга сатуу фактысы ашкереленүүдө.

“Кыргызгазпромдун” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев иштебей калган эски газ магистралынын газ түтүктөрүн сатып, Казакстанга болгон карызды жоюуну көздөгөнүн жүйө келтирди. Бирок парламенттик оппозиция “Кыргызгаздын” карызы үчүн аны сатып алган орусиялык “Газпром” жооптуу экенин эскертип, Кулмурзаевдин жообун кыңыр ишин жабууга жасаган аракет катары баалады. Учурда өкмөт бул ишти өз көзөмөлүнө алып, Башкы прокуратура аталган алды-саттынын мыйзамдуулугун иликтей баштады.

Ачыкка чыгып кеткен “жабык операция”

Совет доорунда курулган газ өткөрүү магистралы Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан аймагы аркылуу өтүп, Фергана өрөөнүн газ менен камсыздап турган. Өзбекстан соңку жылдары бул газ магистралынан баш тартып, өзүнүн аймагы менен өтчү газ өткөргүчтөрүн курган. Мына ошондуктан Кыргызстандын Баткен облусундагы Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймагы аркылуу өтчү газ түтүктөрү пайдалануудан чыккан. Аталган газ түтүктөрү “Кыргызгаздын” карамагында калган. Быйыл 10-апрелде “Кыргызгаз” толугу менен орусиялык “Газпромго” сатылды. Андан төрт күндөн кийин, 14-апрелде мына ошол газ түтүктөрүн казакстандык фирмага сатып, андан түшкөн акчаны “Казактрансгазга” болгон карызды жабуу боюнча чечим ачыкка чыккан.

Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти
Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жетекчиси Назаралы Арипов өкмөткө бул маселени иликтеп чыгуу талабын койду:

- Казакстанга карызды төлөйбүз деген шылтоо менен газ түтүктөрүн казып алууга үлүш жерлердин ээлерин көндүрүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке кайрылышкан экен. 14-апрелде мына ошондой чечим чыгыптыр. Анан Кулмурзаев “Кыргызгаздын” жетекчиси болуп турганда дагы мына ушундай мазмундагы кат жөнөткөн. Кийин ишкана “Кыргызгазпром” болуп түзүлгөндөн кийин да жетекчинин милдетин аткаруучу катары кат жөнөтүптүр. Негизи “Кыргызгазды” сатуу учурунда бул газ түтүктөрү сатылбайбы?" - деп суроо бергенимде андай болбойт, ал газ түтүктөрү жеринде эле калат деген жооп болгон эле. Азыр ар кандай жол менен чыгарып кетүү аракети болуп жатат. Ошондуктан биз бул маселени териштирүүгө мамлекет башчысына, өкмөткө жана Башкы прокуратурага кайрылдык.

“Газпромду” сүйүнткүсү келген Кулмурзаев

“Кыргызгаздын” жалпы карызы 42 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 13 миллиону “Казактрансгаздан” мурдагы жылдары алынган көгүлтүр от үчүн топтолгон карыз. “Кыргызгазпром” болуп кайра түзүлгөн ишкананын жетекчилиги Баткен облусунун аймагындагы пайдалануудан калган газ түтүктөрүн сатуу менен ошол топтолгон карыздын сегиз миллион долларын жабууну көздөгөнүн билдирди. Ошол эле кезде “Кыргызгаздын” мүлкүн орусиялык “Газпромго” өткөрүүдө ал газ түтүктөрү тизмеге киргизилген эмес. Мына ошондуктан жергиликтүү бийлик айдоо аянттарына суу чыгаруу үчүн ал түтүктөрдү өткөрүп берүүнү суранган. “Кыргызгазпромдун” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев эски газ түтүктөрүн сатуу чечими былтыр эле кабыл алынганын белгиледи:

- Биз “Кыргызгаздан” отуз жылдан бери турган ал газ түтүктөрүн чыгарып, анан сатып жатабыз. Бул иш былтыр эле башталган. “Кыргызгазды” Орусия сатып алат деп күтүп отура бербестен, мына ошол пайдаланылбай калган түтүктөрдү сатуу менен карызды жоё берели дегенбиз. Негизи өзү карыздан кутулуу керек да. “Газпром” деле “ырас кылыпсыңар, карыздан кутулуп коюпсуңар” дейт да. Жаман болмок беле. Мына ошол эски түтүктөр казактарга керек экен. Аларга сатып, карыздан кутулуп жатабыз.

Баткендеги Өзбекстанга тиешелүү газ түтүктөрү.
Баткендеги Өзбекстанга тиешелүү газ түтүктөрү.
Анткен менен парламенттеги оппозиция “Кыргызгазпромдун” жетекчилигинин пайдалануудан калган газ түтүктөрүн сатуу менен сырткы карыздын кайсы бир бөлүгүн жабабыз деген чечимин чайкоочулук катары кабыл алды. Анткени “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимде анын ички-тышкы карыздарын төлөөнү орусиялык “Газпром” өзүнө алган. Ошондуктан анын наркы символикалык түрдө бир долларга бааланган. Мында эски газ түтүктөрүн сатуу менен Казакстанга болгон карызды жоюу зарылчылыгы болгон эмес. Мына ошондуктан Кулмурзаевдин жообун Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов кыңыр ишти жашырууга багытталган аракет катары баалады:

- Биз парламентте токтомду бекитип жатканда келишимде көрсөтүлө турган “Кыргызгаз” карызы менен сатылат деген шарт үчүн добуш бергенбиз. Анан эми ал сатылгандан кийин карызды андагы кандайдыр бир мүлктү сатуунун эсебинен жабуу туура эмес болуп калат. Булар газ түтүктөрүн жөн эле жең ичинен сатууга аракеттенип, анан ал байкалып калганда, газга болгон карыз үчүн Казакстанга бермекпиз деп жатышат.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Баткен облусунуна караштуу Лейлек районундагы Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарынын жашоочулары өздөрүнүн үлүш жерлери аркылуу өткөн эски газ түтүктөрүн казып алып, сыртка сатууга каршы чыгышкан. Аталган түтүктөрдү суу жетпеген айдоо аянттарына суу чыгарууга пайдалануу үчүн аларды жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берүү талабы коюлган. Быйыл 14-апрелде "Кыргызгазпромдон" келген катта иштен чыккан газ түтүктөрү казылышы керектиги, бул үчүн үлүш жерин каздырган элге компенсация төлөнүп берилери тууралуу айтылган. Бирок Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев жергиликтүү тургундар мындай чечимге каршы чыкканын белгиледи:

- Бизде сугат суусу тартыш. Бул оор маселени чечүү үчүн мурдатан бери эле мына ошол газ түтүктөрү калтырылса, суу чыгарат элек деген элибиздин жакшы ниети бар эле. Анан эле аларды казып алып кетебиз дегенде көпчүлүк эл ага каршы болуп, түтүктөрдү каздырбайбыз деп жатат. Негизи бөлүп - жарбай эле түтүктөрдү суу чыгарганга колдонсок жакшы болмок.

Ошол эле кезде “Кыргызгазпромдун” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Лейлектеги жашоочулардын ал газ түтүктөрүн жергиликтүү бийликтин карамагына калтыруу талабын четке какты. "Эгерде айдоо аянттарына суу чыгаруу зарылчылыгы болсо, анда аны муктаж тарап “Кыргызгазпромдон” келишимдик баада сатып алууга тийиш",- дейт Тургунбек Кулмурзаев:


"Кыргызгаз" ишканасынын (азыркы "Кыргызгазпром") жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.
"Кыргызгаз" ишканасынын (азыркы "Кыргызгазпром") жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.
- Депутат Назарали Арипов газ түтүктөрү казылып, сатылып кетти десе, анын бир тууганы Лейлектин акими аны казып алып суу чыгарганга пайдаланалы деп жатат. Биз деле жарымын казактарга сатып, жарымын жергиликтүү элге калтыралы дегенбиз. Анан эми элге керек болсо болгон баасын төлөп берип, бардыгын сатып алгыла дедим. Анан эми казактар эски түтүк керек деп жатса, берип карызды кутулуп койгон жакшы да. Акчалай төлөгөнгө караганда темир-тезек менен берип кутулган жакшы эмеспи. Жердин астында чирип жата берсе кимге пайда? Анан эми газ түтүктөрүн каздырбайбыз деп, уруксат бербесе, анда ал жерде түтүктөр чирип жата берсин.

Эгерде бул маселени көзөмөл органдары толук иликтесе, анда анын жыйынтыктары Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинде талкууланышы мүмкүн. Ошол эле кезде газ түтүктөрүн болочокто кандай муктаждыктарга пайдалануу маселесин “Кыргызгазпром” ишканасы өзү эле чечиш керек беле же өкмөт менен макулдашуусу шарт беле деген суроолор кабыргасынан коюлууда. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев бул маселеде кызыкчылыктардын кагылышы бар экенин белгиледи:

- Депутат Арипов газ түтүктөрү сатылып кетмей болду, токтотолу деген билдирүү менен чыкты. Анан “Кыргызгазпромдун” жетекчиси болсо мында Ариповдун жеке кызыкчылыгы бар, ал газ түтүктөрүн өзүнө бекер алгысы келди деп айыптап жатат. Мунун чын-бышыгын такташ керек. Газ түтүктөрү сатылып жатканбы же карыз үчүн Казакстанга берилгени жатты беле деген эки ача маселе турат. Ошолордун бардыгы иликтенсе, анан бир жыйынтык болмок.

Иш иликтенүүдө

Жогорку Кеңештин суроо-талабы боюнча өкмөт Баткен облусунун аймагындагы пайдалануудан калып кеткен газ түтүктөрүн казакстандык фирмага сатуу боюнча маселени тактоого киришти. Мында негизинен аталган газ түтүктөрүн сатуу ишкана орусиялык “Газпромго” өткөндөн кийинки анын укуктук абалы боюнча тактоо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев мына буларга токтолду:

- Биз бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды бердик. Анан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча биз буга жооп беребиз. Эми депутаттар газ түтүктөрү мыйзамсыз сатылып жатат деп маселе көтөргөндөн кийин аны далилдей турган жагдайлар болушу керек. Мына ошонун бардыгы толук иликтенген соң гана бул боюнча тиешелүү чечим чыгарылат.

Ошол эле кезде Башкы прокуратура пайдалануудан калган мына ошол газ түтүктөрүн сатуунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иликтөө ишин баштады. Мында негизинен башкы көзөмөл органы “Кыргызгаз” “Газпромго” сатылгандан кийин анын сырткы карызын карамагында турган газ түтүктөрүн сатуу менен төлөөгө укугу бар беле деген суроого жооп издейт. Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу иликтөө иштери бүткөндөн кийин гана бул тууралуу коомчулукка маалымат берерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG