Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылары" аудиокитеп болуп чыкты


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китебинин аудиосу чыкты. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун "Азаттыкка" айтымында, 19 саат 50 мүнөттүк аудиокитеп учурда аталган уюмдун жер-жерлердеги мүчөлөрүнө таратылып берилүүдө:

- Аудиону mp3 форматына өткөрүп, диск, флэш-карталарга көчүрүп берип жатабыз. Атайын плейерлер да таратылууда. Китеп абдан жакшы жазылгандыктан эл өтө кызыгуу менен угуп жатат.

Мамбетакуновдун айтымында, катарында 6 миңге жакын азиз жана көзү начар көргөн мүчөсү бар Азиздер жана дүлөйлөр коомунун алдында атайын үн жазуучу студия иштейт. "Агындылар" быйыл апрель айында жазылды. Жалпысынан бул студияда кыргыз авторлорунун 114 китеби жазылды.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев III даражадагы "Манас” орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты. Анын кара сөз менен жазылган "Агындылары" былтыр күзүндө жарык көрдү. (RK)

XS
SM
MD
LG