Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Кыргызстанда 11 миң бала балдар үйлөрүндө тарбияланууда


Бул тууралуу КР Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Балдар укугун коргоо комитетинин жыйынында жасаган баяндамасында билдирди. Ал балдарды интернаттарда эмес, үй-бүлөдө тарбиялап чоңойтуу үчүн колдон келишинче аракет көрүлүп жатканын кошумчалады. Министрдин баяндамасына ылайык, өткөн жылы оор абалда турган 3 931 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлүп, үй-бүлөнү сактап калуу боюнча кеп-кеңеш берилген.

Кыргызстан Балдар укугу боюнча конвенцияны кабыл алганына быйыл 20 жыл толот. Өлкөдөгү жарандарынын 3% жашы 18ге жете элек балдар түзөт.

Ушул күндөрү Женева шаарында БУУнун Балдар укугу боюнча комитети кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Ага Кыргызстандан социалдык өнүктүрүү министри баштаган расмий делегация менен катар балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG