Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюлду


Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге бүгүн Астана саммитинде Беларус, Казакстан жана Орусия президенттери кол койду. Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевдин айтымында эми бул келишим үч өлкөнүн парламенттеринде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

Бул союз Бажы биримдигинен кийинки кызматташтык уюму катары түзүлүүдө. Ага мүчө үч өлкөнүн ортосунда төрт негизги эркиндикти камсыз кылуу максаты бар. Алар: капиталдын, жумушчу күчтүн, тейлөөнүн жана товардын ич ара эркин жүгүртүлүшү. (BkA)

XS
SM
MD
LG