Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Чыгыш Украинада дагы салгылашуу болду


Украинанын Улуттук гвардиясы билдиргендей, өткөн түнү орусиячыл жикчилер Луганск шаарындагы гвардиянын турагына кол салганда эки тараптан тең жоготуулар болду. Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Францияда келерки аптада чукул жолугушууга сөз берген.

Орусиянын Бириккен Улуттардагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешинде «Украинаны куралдуу башаламандыкты токтотууга чакырыш керек» деди.

Украинанын уюмдагы баш өкүлү Юрий Сергеев өз кезегинде «Коопсуздук кеңеши Орусиядан Украинадагы бардык аскерлерин жана куралдуу уюшмаларын чыгарып кетишин талап кылышы керек» деп айтты. Сергеевдин сөзү боюнча, Украинада азыр жүздөгөн чечен, орус-казак согушкерлери жүрөт. Аэропортто мурдагы күнкү салгылашта ондогон жикчил окко учкан Донецкиде кырдаал тынч экендиги кабарланды.

XS
SM
MD
LG