Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

"Кыргызалтындын" башчысы камалды


“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Дилгер Жапаров 28-майда кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматтарга ылайык, Жапаров "Кумтөр" ишканасынан 200 млн. долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткени үчүн айыпталууда. Бул маалыматты Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” тастыктап, баш коргоо чарасы эртең сотто караларын билдиришти.

Мурдараак башкы көзөмөл органы “Кумтөр” долбоору боюнча кылмыш иш козголгонун маалымдаган болчу. Ага ылайык, өткөн жылдын 6-декабрында “Кумтөр голд компани” ишканасынын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, өкмөттүн макулдугусуз эле компаниянын акционери “Центерра голд инк” ишканасына 200 млн. доллар дивиденд төлөп берүү чечими чыгарылган. Акча көп өтпөй, 20-декабрда которулган.

Башкы прокуратура бул акционердик коом жөнүндөгү мыйзамга туура келбесин белгилөөдө. Ага ылайык, дивиденд ишкананын жыл бою тапкан таза кирешесинин 25% ашык эмес төлөнүүгө тийиш, ал эми, белгилүү болгондой, 2012-жылы Кумтөр ишканасы чыгаша менен чыккан.

Кыргызстан “Кыргызалтын” ишканасы аркылуу "Центерра Голддун" 32,75% акциясына ээлик кылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG