Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

“Түндүкэлектр” ишканасында кыскартуулар уланат


Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Өмүрбек Кожеков кызматкерлер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, “Түндүкэлектрде” 3200 кызматкер бар жана бул абдан эле көп. Ал бардык каршылыктарга жана тоскоолдуктарга карабай кыскартуулар, бөлүмдөрдү бириктирүү иши улана турганын айтты. Стратегия менен макул болбогондорду сотко кайрылууга чакырды.

“Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери бүгүн жетекчиликтин ишине нааразылыгын билдирип, чукул жыйын чакырылган. Алар кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча жүрүп жаткан иштерге каршылыгын билдиришкен.(ZB/ZKo)

XS
SM
MD
LG