Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Украинада атып түшүрүлгөн учактагы 14 аскер набыт кетти


Украинанын убактылуу президенти Александр Турчинов орусиячыл жикчилер өлкөнүн чыгышындагы Славянск шаарынын жанында атып түшүргөн аскердик тик учактагы 14 аскер, анын ичинде армия генералы набыт кеткенин маалымдады. Славянскинин сыртында катуу атышуу болуп жаткандыгы кабарланууда.

Бүгүн ошондой эле шаардагы жикчилер апта башында жоголгон ЕККУ уюмунун эл аралык 4 байкоочусун кармап тургандыгын моюнуна алышты. Украинадагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Петр Порошенко өлкөнүн чыгышындагы «антитеррордук» операциялар улантылат, кризис тез арада жөнгө салынат» деп сөз берүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG