Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Энергетика министрлиги өкмөткө жаңы баа саясатын сунуштайт


Буга аталган министрлик сунуштаган баа саясаты коомчулуктун жана эксперттердин элегинен өтпөй калганы себеп болууда. Эми министрлик 1 фаза менен электр энергиясын пайдалангандар 2015-жылдын 1-апрелине чейин мурдагыдай 70 тыйын, андан кийин 84 тыйындан төлөөнү сунуштап жатат. Ал эми 3 фаза менен пайдалангандар үчүн бул баа 1 сом 20 тыйынга барабар болот.

Көрсөтүлгөн баа жыл сайын инфляцияга жараша өсүп турат. Мурда Энергетика министрлиги жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга, кышында 600 кВт/саат энергиядан көп болсо 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштаган болчу. Эксперттер муну коррупцияга жол ача турган саясат деп сындап чыгышкан.

Министрлик тариф саясатын жаңы өзгөрүүлөрү менен ушул жылдын күз айларына чейин кабыл алабыз деп ниеттенүүдө, азыр өкмөттүн макулдугу күтүлүп жатат. (KE/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG