Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Египетте ал-Сиси президент болгондугун жарыялады


Египетте мурдагы аскер башчы президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын жарыялады. Абдел Фаттах ал-Сиси добуштардын 93 пайыздан ашыгын алдым деп ырастады.

Отставкадагы маршалдын шайлоо командасынын маалыматына ылайык, Сиси 29 миллион добуш алды. Ал эми анын атаандашы, солчул саясатчы Хамден Сабахини бир миллионго жетпеген шайлоочу колдогон. Добуш берүүгө шайлоочулардын 46 пайызы келди.

Буга салыштырмалуу, 2012-жылы ал-Сиси кулаткан исламчыл президент Мухаммед Мурси шайланганда, бул көрсөткүч 52 пайызды түзгөн эле. Мурсинин «Мусулман агаиндер» уюму өз колдоочуларын шайлоону бойкоттоого чакырган.

Европа парламентинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Роберт Геббелс Каирде шайлоо демократиялуу, тынч, эркин өткөндүгүн билдирди, ошол эле убакта ал каражат, колдоо жагынан эки талапкердин мүмкүнчүлүгү эки башка болгондугун белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG