Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Хейгел: Ооганстанда антитеррордук операция уланат


Пентагондун башчысы Чак Хейгелдин билдирүүсүнө караганда, президент Барак Обама жарыялагандай эки жылдын ичинде АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгарылат. Бирок эки жылдын ичинде аскерлер ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууну жана антитеррордук иштерди жүргүзүүнү улантат. Барак Обама жарыялаган планга ылайык АКШ аскерлери Ооганстандан 2016-жылдын аягына карай чыгарылат. Бирок 9 800 аскер калат.

Бул арада Ооганстанда эл аралык күчтөрдүн тик учагынын кулоосунан бир жоокер өлүп, 15и жарадар болгону кабарланды. Ошондой эле Ооганстанда жол четине коюлган бомбадан үч жаран набыт болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG